Түркия Израиль-БАЭ келишимине каршылык көрсөттү

Араб Тынчтык Планын БАЭнин бир жактуу түрдө жок кылууга аракет кылышы олуттуу тынчсыздануу жаратканы айтылды.

1472977
Түркия Израиль-БАЭ келишимине каршылык көрсөттү

Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Израиль менен түзгөн келишимге карышылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШ, Израиль, БАЭ тарабынан жарыяланган жана Израиль-БАЭ мамилелерин толугу менен калыбына келтирүүнү көздөгөн биргелешкен декларацияга Палестина калкы жана жетекчилиги көрсөткөн каршылыктын негиздүү экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө 2002-жылы Сауд Арабиянын жетекчилиги астында Араб лигасы тарабынан түзүлгөн жана Ислам Кызматташтык Уюму тарабынан колдоого алынган Араб Тынчтык Планын БАЭнин бир жактуу түрдө жок кылууга аракет кылышы олуттуу тынчсыздануу жаратканы айтылды.

Аталган үч тараптуу декларацияны Палестина доосуна колдоо катары тапшырууга эч кандай ишеним жок экендиги белгиленген билдирүүдө: «Азырынча жарансыз болгон АКШнын планы боюнча жашыруун эсептөөлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган БАЭ, ушундай жол менен Палестинанын эркин да жокко чыгарууда. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Палестина доосуна чыккынчылык кылып жаткан БАЭнин бул мамилесин тарых дагы, аймактын эли дагы эч качан унутпайт жана кечирбейт»,- делди.

БАЭ менен Израилдин ортосундагы калыбына келтирүү келишими.

Кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен БАЭнин "мамилелерин толугу менен калыбына келтирүү" боюнча келишимге жетишкендерин жарыялаган болчу.

Бул тууралуу Трамп өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Бүгүн чоң кадам ташталды. Бул эки мыкты досубуз Израил менен БАЭнин ортосундагы тарыхый тынчтык келишим» деген эле.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да Трамптын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүнө "Бул тарыхый күн" баа берген болчу.  

БАЭ 1979-жылы Египет, 1994-жылы болсо Иорданиядан кийин Израил менен калыбына келтирүү келишимине кол койгон үчүнчү араб өлкөсү болду.



Тектеш кабарлар