Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

«Чеңгел-Жолборс» операциясында жаракат алган коопсуздук күзөтчүсү, дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.

1471873
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга каршы жүргүзүлгөн «Чеңгел-Жолборс» операциясында жаракат алган коопсуздук күзөтчүсү, дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.

Шейит күзөтчү 5-августтан бери дарыланып жаткан болчу.

Экинчи жагынан, Улуттук Коргоо министрлиги «Эфрат калканы» (Сириянын түндүгүндө) аймагына кирүүгө жана кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнын эки террористи зыянсыздандырылганын билдирди.

Министрлик ошондой эле «Зайтун бутагы» аймагында (Сириянын Африн провинциясы) террордук кыймылдарга катышкан деп табылган, террордук уюм ПKK / ЙПГга мүчө 20 террористтин кармалгандыгын билдирди.

Ички иштер министрлиги Хаккаринин Йүксекова Аландүз аймагында жандармериянын абадан коштолгон операциясында 3 террористтин куралы менен кошо жок кылынганын билдирди.



Тектеш кабарлар