Ливандагы жолугушууларын бүтүргөн Октай жана Чавушоглу өлкөгө кайтып келди

Фуат Октай, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен бирге Түркия-Ливан парламенттер аралык достук тобунун төрагасы жана Адилет жана өнүгүү партиясынын Синоп депутаты Назим Мавиш менен кечээ эртең менен борбор шаар Бейрутка барган.

1469491
Ливандагы жолугушууларын бүтүргөн Октай жана Чавушоглу өлкөгө кайтып келди

Вице-президент Фуат Октай, Бейрут портундагы жарылуудан улам Ливанга болгон колдоо сапарын аяктаган соң өлкөгө кайтты.

Фуат Октай, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен бирге Түркия-Ливан парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Синоп депутаты Назим Мавиш менен кечээ эртең менен борбор шаар Бейрутка барган.

Бул жерде Октайды алгач президент Мишель Авн тосуп алды, андан кийин премьер-министр Хасан Дияб жана парламент спикери Небих Берри менен жолугушту.

Сапарда олуттуу зыянга учураган Бейрут порту жана айланасындагы имаратты куруу жаатында Түркиянын жардамына даяр экендигин түшүндүргөн Октай, портту кайра куруп чыкканга дейре Мерсин портунун Ливандын кызматында боло турганын айтты.

Андан соң жарылуудан жабыркаган түрк жарандарынын үй-бүлөлөрү менен жолугушкан Октай, жаракат алгандардын абалы жөнүндө маалымат алды. Октай, эгер доктурлар уруксат берсе абалы оор болгон жаралуулардын дарыланышынын Түркияда жасала ала турганын белгиледи.

Жолугушуудан кийин министр Чавушоглу менен бирге ливандыктарга кайрылган  Октай, Ливан менен Түркия үчүн "бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү" деп сүрөттөө жасап, эч кимдин эки өлкөнү бири-биринен ажырата албай турганын баса белгиледи.

Министр Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө "Мен түркмүн, түркмөнмүн" деп айткан жана жарандыгы жок, бирок жарандыгын алууну каалагандарга жарандык берилерин айтты.

Ливандагы жолугушууларынан кийин аэропортко жөнөгөн Октай жана Чавушоглу, Бейруттагы жолугушууларын аяктап, борбор шаар Анкарага кайтып келишти.

4-августта Бейрут портунда жарулуучу заттар жайгашкан №12 кампада өрт чыгып, андан кийин Бейрутту толугу менен титиреткен катуу жарылуу болду. Жарылуудан каза болгондордун саны 158ге көтөрүлүп, жаракат алгандардын саны 6 миңден ашты.



Тектеш кабарлар