«Евфрат калканы» аймагында террористтер кармалды
Терроризмге каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.
Сириянын «Евфрат калканы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнин эки террористи кармалды.
Терроризмге каршы күрөш чек аранын тышында ийгиликтүү уланып жатат.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террордук уюм ПКК/ЙПГнин тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузууга карата террордук аракеттери дагы бир жолу алдын алынды.
«Евфрат калканы» аймагында ПКК/ЙПГге мүчө эки террорист кармалды.
Түрк Куралдуу Күчтөрү (TSK), ДЕАШ менен бирге бардык террордук уюмдардын коркунучтарын жок кылып, өзгөчө коопсуздукту чыңдоо жана коалициялык күчтөрдү колдоо максатында Түркия тарабынан машыктырылган 1 миң 500 чакты Эркин Сирия армиясынын мүчөлөрү менен 2016-жылдын 24-августунда Сириянын чек арасында «Еврат калканы» операциясын баштаган болчу.
Операция 2017-жылдын 29-мартында аяктаган.