Түркиянын Франция жөнүндөгү билдирүүсү

Түркия Францияга жооп кайтарды.

1460894
Түркиянын Франция жөнүндөгү билдирүүсү

Түркия Франциянын акылдуу жана сарамжалдуу саясаттарды жүргүзүшү керектигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Түштүк Кипр Рум жетекчилигинин лидери Никос Анастасиадис менен өткөргөн маалымат жыйында Чыгыш Жер Ортолук деңиз жөнүндөгү билдирүүсүнө жазуу жүзүндө жооп берди.

Аксой: «Франция Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кырдаалга байланыштуу ар бир билдирүүсү жана ар бир туура эмес кадамы менен өзүнүн тарапсыздыгына жана туруктуулукка салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жоготууда», деди.

Ливияга байланыштуу Аксой, Франциядан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдорунун алкагында эл аралык коомчулук тарабынан таанылган мыйзамдуу өкмөт менен бир жылдан ашык убакыттан бери борбор шаарды ээлеп алып мыйзамдуу өкмөттү кулатууга аракет кылгандардын ортосунда ажырым кылышы күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Бул жагынан алганда, президент Макрондун билдирүүлөрүнүн биздин өлкөдө эч кандай артыкчылыгы жок. Түркияны санкциялар тили менен коркутууга эч кимдин укугу жок жана эч кандай натыйжа бербейт. Франция азыр өзүн чоң көрүүдөн баш тартып, акылдуу жана сарамжалдуу саясат жүргүзүшү керек. Ал Ливиядагы төңкөрүшчүлөрдү, Сириядагы террористтерди жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде болсо "мен ушул жердин жалгыз ээсимин" түшүнүгү менен кыймыл кылгандарды колдонууну токтотушу керек. Себеби ушул саясаттардан азыркыга чейин эч кандай натыйжа ала албагандыгын түшүнсө керек»,-деп кошумчалады.

Ошондой эле, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде таштаган  бардык кадамдары, эл аралык укуктун негизинде, Түркия менен Кипрдин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталгандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар