Тышкы иштер министри Тогодо элчилик ачуу чечимин чыгарышкандарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Батыш Африка өлкөсү Тогодо элчилик ачуу чечимин чыгарышкандарын жарыялады.

1458711
Тышкы иштер министри Тогодо элчилик ачуу чечимин чыгарышкандарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Батыш Африка өлкөсү Тогодо элчилик ачуу чечимин чыгарышкандарын жарыялады.

Мевлүт Чавушоглу  Тогого расмий сапар менен барды. Ал жерде президент Форе Гнассингбе тарабынан кабыл алынгандан кийин маалымат берди.

Тогого көп кишилик делегация менен барышкандарын белгилеген Чавушоглу : «Тогого сапар менен барган биринчи түрк тышкы иштер министри болдум. Бул үчүн абдан кубанычтуумун. Урматтуу президентибиздин саламын жана жакшы тилектерин билдирдим», -деди.

Чавушоглу : «Того менен эки тараптуу карым  - катнаштарыбызды кандай өнүктүрөрүбүздү сүйлөшүү үчүн бул жердебиз. Өзгөчө бул жерге элчилик ачуу чечимин чыгардык. Элчилигибиздин качан, кандай ачыларын карап чыктык. Өзгөчө бир ай мурда боордошум (тышкы иштер министри) Роберт Дуссей мени чакырган болчу. Анын чакыруусу менен бул жерде болгонума кубанычтуумун»,- деди.

 



Тектеш кабарлар