Түркиянын автоунаасын чыгара турган ишкананын курулушу башталууда
Пайдубалын түптөө аземи президент Эрдогандын катышуусунда өткөрүлөт.
![Түркиянын автоунаасын чыгара турган ишкананын курулушу башталууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3792/2d8c/8fea/5f10453106871.jpg?time=1718914803)
Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Бурсанын Гемлик районунда ата мекендик автоунаа өндүрүү үчүн бөлүнгөн жерде курулуш ишинин башталышы 18-июлга белгиленгенин билдирди.
Министр Варанк Твиттер баракчасынан "Түркиянын автомобилдик ишканалар тобунун (TOGG) курулушту баштоо аземи" тууралуу маалымат бөлүштү.
Маалыматында ишкананын пайдубалы түптөлө турган аянттын фотосүрөтүнө да орун берген Варанк "18-июль 2020-жыл, 17.30, Гемлик, Бурса" деген тиркемени кошту.
Түркиянын автоунаасы өндүрүлө турган TOGG инженердик, долбоордук жана өндүрүштүк объектилеринин курулуш аземи президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өтөт.
Коронавируска каршы чара көрүүлөрдүн алкагында аземге катыша турчу коноктордун саны чектелүү болот. Пайдубал түптөлгөндөн кийин TOGG компаниясы, Гемлик шаарында ата мекендик автомобиль өндүрүү үчүн бөлүнгөн жерде курулуш ишин баштайт.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718914804)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.