Түркияга көчүп келгендердин саны көбөйдү

2019-жыл үчүн "эл аралык миграция статистикасы" жарыяланды.

1456908
Түркияга көчүп келгендердин саны көбөйдү

Өткөн жылы Түркияга көчүп келгендердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйүп 677 миң 42деп катталды.

Түркия статистика мекемесинин 2019-жыл үчүн "эл аралык миграция статистикасы" жарыяланды.

Буга караганда, Түркияга көчүп келгендердин саны 2019-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйүп 677 миң 42 кишиге жетти. Алардын 54,4 пайызы эркектер, 45,6 пайызы аялдар.

Түркияга чет өлкөдөн келгендердин 98 миң 554ү түрк жарандары, 578 миң 488и чет элдик жарандар деп белгиленди.

Былтыр Түркияга көчүп келгендердин жаш курактарына каралганда 25-29 жаштагылар 13,3 пайыз менен биринчи орунга чыкты. Андан кийин 20-24 жаштагы топтор 12,2 пайыз менен экинчи, 30-34 жаштагылар 11,6 пайыз менен үчүнчү орунду ээледи.

2019-жылы Түркияга көчүп келгендердин облустарга жараша көрсөткүчүндө 45,3 пайыз менен эң көп мигрант кабыл алган облус Стамбул болду. Стамбулдан кийин 9,2 пайыз менен Анкара, 6,5 пайыз менен Анталия, 3,5 пайыз менен Бурса жана 2,2 пайыз менен Измир турат.

Ирак жарандары өткөн жылы 14,5 пайыз менен өлкөгө келген чет элдик калктын ичинен биринчи орунду ээлешкен. Андан кийин 13,8 пайыз менен Түркмөнстан, 8,2 пайыз менен Афганистан, 7,5 пайыз менен Сирия жана 7,3 пайыз менен Иран турат.



Тектеш кабарлар