Чавушоглу Байрамовду куттуктады

Жейхун Байрамов Азербайжандын жаңы тышкы иштер министри болду.

1456474
Чавушоглу Байрамовду куттуктады

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду жаңы кызматынан улам куттуктады.

Чавушоглу Твиттердеги бөлүшүүсүндө: «Азербайжандын жаңы тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду куттуктап, ага ийгиликтерди каалайм. Биз бир улут эки мамлекет түшүнүгү менен иштей беребиз», деди.

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Эльмар Мамедьяровду кызматтан бошотуу жөнүндөгү жарлыкка бүгүн кол койду жана билим берүү министри Жейхун Байрамовду тышкы иштер министри кылып дайындады.

2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин кызматына дайындалган Мамедьяров кечээ министрлер кеңешинин отурумунда президент Алиев тарабынан сынга алынган.

Алиев Мамедьяровдун Тоолуу Карабах маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдө ийгиликсиз болгонун жана 12-июлда чек арада кагылышуулар башталганда жетиштүү деңгээлде иштей албагандыгын белгилеген эле.



Тектеш кабарлар