Эл аралык каттамдар кайрадан ачылгандан кийин Түркияга көбүнчө европалыктар келишти

11-июндан тарта 31 өлкөгө учуулар кайрадан башталган.

1454834
Эл аралык каттамдар кайрадан ачылгандан кийин Түркияга көбүнчө европалыктар келишти

Коронавирус пандемиясынын себебинен токтотулган эл аралык каттамдар июнь айында кайрадан ачылгандан кийин эң көп жүргүнчү Европадан келди.

11-июндан тарта 31 өлкөгө учуулардын кайрадан башталышы менен бирге Түркияга кирүү жана чыгууларда аба жолу эң кыймылдуу өлкө Германия болду.

Германиядан 124 миң 767 жүргүнчү келди. Андан кийин 15 миң 317 жүргүнчү менен Нидерландия экинчи орунда турат. Улуу Британиядан келген жүргүнчүлөрдүн саны болсо 14 миң 755 болду.

Бул өлкөлөргө Түркиядан аба жолу аркылуу саякат кылган жүргүнчүлөр менен бирге жалпы сан Германия менен 166 миң 214, Нидерландия менен 20 миң 41, Улуу Британия менен болсо 18 миң 533дү түздү.

Франция менен жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 14 миң 492 болсо, бул өлкөдөн кийин 9 миң 764 жүргүнчү менен Швейцария, 9 миң 684 жүргүнчү менен Бельгия жана 8 миң 944 жүргүнчү менен Австрия турат.

Учак рейстери башталган өлкөлөрдөн Түркияга келген жүргүнчүлөрдүн жалпы саны июнь айынын акырынан тарта 234 миң 279, Түркиядан кеткен жүргүнчүлөрдүн саны болсо 98 миң 552 болду. Ошентип, аба жолу жүргүнчүлөрүнүн жалпы саны 332 миң 831 деп катталды.

Ошондой эле дагы 20 өлкө менен каттамдарды кайрадан баштоо жөнүндө макулдашылды.



Тектеш кабарлар