Президент Р. Т. Эрдоган "Критер" журналына маек берди

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавирус эпидемиясынын адамзаттык тарыхынын акыркы кылымда беттешкен эң чоң саламаттык сактоо кризисинин бири экенин айтты.

1454164
Президент Р. Т. Эрдоган "Критер" журналына маек берди

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавирус эпидемиясынын адамзаттык тарыхынын акыркы кылымда беттешкен эң чоң саламаттык сактоо кризисинин бири экенин айтты.

Эрдоган «Критер» журналына берген маегинде бир топ өлкөнүн эпидемияга карата  саламаттык сактоо инфраструктрасы жактан даярдыксыз экендигин, кээ бир өнүккөн  өлкөлөрдүн жарандары менен медицина кызматкерлеринин коргоочу кийим, бет кап сыяктуу негизги муктаж болгон каражаттар боюнча кыйналганына көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган Түркиянын 40 000  реанимациялык керебет,  1 213 компьютердик томография аппараты, 4 000 дарылоо мекемеси, 1 миллион 100 000 медицина кызматкери менен эпидемиянын талаптарына жооп берген өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.

Кароосуздуктан адамдар өлгөн, медицина кызматкерлери бет кап таба албаган, картаңдар үйүндө уялтуучу көрүнүштөр сыяктуу көрүнүштөрдүн эч биринин Түркияда болбогонун айткан Эрдоган муну менен бирге дин, тил, улут жана аймак деп бөлбөстөн дүйнөнүн 140  өлкөсүнө медициналык каражат жагынан жардам бергенин белгиледи.  

Түрк фирмалары тарабынан чыгарылган дем алдыруу аппараттарынын да Бразилиядан Сомалиге чейин көптөгөн өлкөдө колдонулганын айткан Эрдоган 17 дары чыгаруу проектинин улантылып жатканын да белгиледи. Бул 17 проектинин сегизи вакцина чыгарууга байланыштуу.

Порезидент Түркиянын чоң бир тартуу күчү борбору болоруна, саламаттык сактоо туризми жактан да атынан сөз кылдырарына ишенгенин баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар