Чавушоглу: «Түркия Ковид-19 менен күрөштө эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири»

Мевлүт Чавушоглу Анталиядагы "Дени сак туризм, Коопсуз шаар" таанытуу жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

1449246
Чавушоглу: «Түркия Ковид-19 менен күрөштө эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) менен бул күрөштө эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.

Мевлүт Чавушоглу Анталиядагы "Дени сак туризм, Коопсуз шаар" таанытуу жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Чавушоглу: «Көрүлгөн иш-аракеттерибиздин аркасында биз күрөштө эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн катарына кошулдук. Биз дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо системасы жана инфраструктурасы эң мыкты өлкөлөрдүн бирибиз»,- деди.

Түркия 137 өлкөгө медициналык жардам жибергендигин жана мындан ары да жөнөтө тургандыгын билдирип,

«Биз алардын саны көбөйүп жаткан өлкөлөргө (Өлүм жана жуктурган учур) кошумча жардам жөнөтөбүз. Түркия Республикасынын тарыхында эң ири эвакуация операциясын абдан ийгиликтүү жүргүзүп, 130дан ашуун өлкөдөн  90 миңдей жарандарыбызды биздин өлкөгө алып келдик. 90 мамлекет Түркиядагы жарандарын эвакуациялоону суранды. Бул өлкөлөрдүн 230 миң жаранын эвакуациялоого өз салыбызды коштук, аларды биргеликте координацияладык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар