Түркиялык эки министр Германияга барат
Чавушоглу менен Эрсойдун бүгүн Германияга бара тургандары белгиленди.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Германияга иш сапары менен барышат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Чавушоглу менен Эрсойдун бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери да кошулган делегация менен Германияга бара тургандары белгиленди.
Сапардын жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдө, коронавирус кризиси менен күрөшүүдө кызматташтык, туризм, өз ара мамилелер, Германиянын Европа Биримдигинин кезектеги төрагалыгынын негизинде Түркия-ЕБ мамилелеринин бекемделиши менен аймактык жана эл аралык маселелердин каралаары билдирилди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.