Деңиздеги качкындар куткарылды

Греция качкындарды өткөрбөй Түркияга түртүп жатат.

1446061
Деңиздеги качкындар куткарылды

Балыкесирдин Айвалык району жана Измирдин Дикили районунда Грециянын жээк коргоо кызматкерлери тарабынан Түркиянын жээк сууларына кайтарылган 64 качкын куткарылды.

Айвалыкта Грециянын Мидилли аралына өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар, резина кайык менен Жылаңач аралдын жээгинен Эгей деңизине чыгышты.

Грециянын жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын жээк сууларына кайтарылган 40 адам Жээк коргоо командирлигинин катерине түшүрүлдү. Арасында аялдар жана балдар дагы болгон качкындар жээкке чыгарылды.

Дикили жээктеринде болсо эки кайыкта качкындардын бар экендиги жөнүндөгү кабар боюнча кызматкерлер аймакка барышты.

Грек жээк коргоо кызматкерлери тарабынан түрк жээк сууларына ташталган 24 качкын куткарылды.

Качкындар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук Миграция Башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар