Түркиянын алгачкы электр поезди

29-июнь дүйшөмбү күнү поезд рельстерге коюлат.

1444079
Түркиянын алгачкы электр поезди

Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук электр поездинин топтомун долбоорлоо жана өндүрүү процессинин аяктагандыгы жана дүйшөмбү күнү Сакарьядагы рельстерге түшүрүлүп айдоо сыноосу баштала тургандыгы жарыяланды.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин билдирүүсүнө караганда; Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук электр поездинин топтомун долбоорлоо жана өндүрүү процесси аяктады.

29-июнь дүйшөмбү күнү саат 10.00до Сакарья-TUVASAŞта поезд рельстерге коюлат жана айдоо сыноосу башталат.

Топтомдун иштөө ылдамдыгы саатына 160 чакырымды, ал эми долбоорлоо ылдамдыгы саатына 176 чакырымды түзөт.



Тектеш кабарлар