Түркиянын жардамы Парагвайга жетти
Түркия Парагвайга медициналык каражаттарды жөнөткөн болчу.
![Түркиянын жардамы Парагвайга жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fb38/7bb9/b5cf/5ef2ef8817648.jpg?time=1718904620)
Түркия тарабынан коронавирус менен күрөшүүдө колдонуу үчүн жөнөтүлгөн медициналык жардам Парагвайга жетти.
Парагвайдын президентинин жубайы Силвана Абдо Твиттердеги баракчасынан, өз өлкөсүнө 281 миңден ашык медициналык каражаттардын келгенин жарыялады.
Абдо Түркияга ыраазычылык билдирип: «Өзгөчө Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоганга өлкөбүзгө көрсөткөн кең пейилдик колдоосу жана сүйүүсү үчүн ырахмат айтабыз»,- деди.
Силвана Абдо Эмине Эрдогандан пандемияга каршы күрөштө колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөндөн кийин Түркия Парагвайга медициналык каражаттарды жөнөткөн болчу.
Медициналык каражаттардын арасында 50 миң коргоочу кийим, 30 миң N95 маскасы, 100 миң хирургиялык бет кап, 2 миң коргоочу көз айнек жана 50 миң галош бар.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718904620)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.