Түрмөнстандагы оорукчан бала тез жардам учак менен Анкарага алып келинди
Бейтапты ташыган тез жардам учагы эртең менен Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конду.

Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта жашаган диабет жана гидроцефалия оорусу болгон түрк жараны 9 жаштагы бала тез жардам учак менен Түркияга алып келинди.
Бейтапты ташыган тез жардам учагы эртең менен Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конду.
Диабеттин таасири менен мээ жана омуртка суюктугунун көлөмү жана басымдын артышынан пайда болгон гидроцефалия оорусу болгон жана Ашкабатта 80 күндөн бери реанимацияда жаткан 9 жаштагы Нихал Наз Айдын, текшерүүлөрдөн кийин аэропорттордо күттүрүлгөн тез жардам унаа менен Анкарадагы оорукана шаарчасына жеткирилди.
Оорукчан балага таасир тийгизбеш үчүн учактын төмөнкү бийиктикте учуп келгени белгилүү болду.
Тектеш кабарлар

Куртулмуштун Газадагы абалга каршылык көрсөтүүсү
Куртулмуш кечээ Стамбулдагы билдирүүсүндө Израилдин Палестинага кол салууларына токтолду.