Түрк кеңешинин жыйынында туризм сүйлөшүлөт
Түрк кеңешинин туризм боюнча жооптуу министрлеринин 5-жыйыны өткөрүлөт.
![Түрк кеңешинин жыйынында туризм сүйлөшүлөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a06a/b636/f155/5ef06b10099cb.jpg?time=1718941789)
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк Кеңеши) мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу өлкө Венгриянын туризм министрлери, коронавирус (Ковид-19) пандемиясына байланыштуу туризмде көрүлүп жаткан чаралар жана тармактын кайрадан ачылышына байланыштуу маселелерди Түрк кеңешинин туризм боюнча жооптуу министрлеринин 5-жыйынында талкуулашат.
Кеңешменин билдирүүсүндө, 22-23-июнда видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган жыйынга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан менен байкоочу өлкө Венгриянын туризм боюнча жооптуу министрлеринин катышаары билдирилди.
Билдирүүдө: «Бул жыйында пандемиядан эң көп жапа чеккен тармактардын бири болгон туризм жаатында мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык талкууланат. Ушул алкакта министрлер өз өлкөлөрүндөгү туризмдин учурдагы абалы менен мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы туризм мамилелеринин өнүгүшү жөнүндө пикир алмашышат»,-делди.
Ошондой эле жыйында тарыхый Жибек жолунун багытында ишке аша турган туристтик турларды камтыган "Түрк кеңешинин заманбап Жибек жолундагы биргелешкен туристтик долбоору" жана долбоорду илгерилетүү темасынын талкуулана тургандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718941790)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.