Түркия АКШлык уюмга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой,АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын (USCIRF) эки жүздүү мамилесин ачыкка чыгарды.

1440110
Түркия АКШлык уюмга каршылык көрсөттү

Түркия , АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын (USCIRF) Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарына жүргүзгөн «Чеңгел-Бүркүт» жана «Чеңгел-Жолборс» операциясын сындоосуна катуу каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой: «АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын (USCIRF) өлкөбүздүн Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарына жүргүзгөн «Чеңгел-Бүркүт» жана «Чеңгел-Жолборс» операциясына карата билдирүүсү, бул комиссиянын жаңы орунсуз билдирүүсү болуп саналат»,-деди.

Диний эркиндиктерди жактаганын айтып чыккан бул уюмдун АКШ тарабынан да террордук уюм деп таанылган ПККнын Ирактагы уландылары ПЙД/ЙПГнын да Сирияда өзүнүн бөлүүчү саясатын жана террордук ыкмаларды өнөр кылып алып күрттөр менен катар аймак калкына карай кылган зулумдугун көрмөксөнгө салганын баса белгилеген Аксой: «Өлкөбүздүн террор менен күрөшүүсүн сындоосу жана ПККнын кара пропагандасына инструмент болушу жөнөкөй сөз менен айтканда уяткаруучу болду»,-деп айтты.

Аксой: «ДЕАШ менен күрөшүүнү бузуп Синжарга жайгашкан ПККнын кысымдарынын айынан он миңдеген йезиддин үйлөрүнө кайта албагандарын, кайткандарынын террордук уюмдун зулумдугуна дуушар болгондорун, бүгүнкү күндө езиддер жана жергиликтүү башкаруучулар тарабынан да күн тартипке коюлган чындык болуп эсептелет. Арамилер дагы систематикалык түрдө бул террордук уюмдун зулумдугуна дуушар болууда, террордук уюм тарабынан мектептери жабылууда, балдарына мажбурланып курал карматылууда жана колдорунан тартып алынууда. Тилекке каршы жалган адам укуктарын жактоочулар, бүгүнкү күнгө чейин аймакта болгон чындыктарды көрмөксөнгө салып келишти. Абал ушундай болуп турганда бул уюмдун чындыктарды бурмалап террор уюмунун жарчылыгын кылышын эч качан кабыл албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар