Тышкы иштер министри түрк делегациясынын Ливия сапары тууралуу билдирди

Чавушоглу : «Сапарыбыздын максаты белгилүү : Ливияга болгон колдообузду дагы  бир жолу күчтүү түрдө баса белгилөө үчүн бул сапарды ишке ашырдык»,- деди.

1438599
Тышкы иштер министри түрк делегациясынын Ливия сапары тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  түрк делегациясынын кечээ Ливанга сапар менен барышы өлкөдө ыраазылык жаратканын белгиледи. Чавушоглу : «Сапарыбыздын максаты белгилүү : Ливияга болгон колдообузду дагы  бир жолу күчтүү түрдө баса белгилөө үчүн бул сапарды ишке ашырдык»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Ливиянын борбор шаары Триполиден Стамбулга кайтышында казына жана финансы министри Берат Албайрак, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан жана президенттиктин катчысы Ибрахим Калын менен өлкөгө жасаган сапар тууралуу билдирди. Чавушоглу сапарда мындан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу пикир алышууларда болушкандарын белгиледи.

Жолугушууда аянтта таштала турган кадамдар менен саясий карым  - катнаштардын да каралганын белгилеген Мевлүт Чавушоглу : «Ливия менен деңиз юрисдикциясын чектөө боюнча кол коюлган меморандум бар. Энергия тууралуу Жер Ортолук деңизде түзө турган кызматташуу жана таштай турган кадамдардын баарын сүйлөштүк. Ливияда туруктуу ок атышпоо жана саясий бир чечүүчү жол үчүн пикир алышууларда болдук. Мындан кийин БУУнун чатыры астында иштерибизди кандай улантабыз буларды карап чыктык. Эл аралык коомчулук менен бирге таштай турган кадамдарды карадык»,- деди.

Сапардын абдан пайдалуу жана түшүмдүү болгонун айткан Чавушоглу Терхунедеги топ түрүндөгү мазарлар тууралуу да : «Муну Эл аралык жаза сотуна алып баруу үчүн Ливиянын демилгесине колдоо беребиз. Адамзат четке каккан, адамзаттык тышы мындай кыргындардын да эсеби суралышы керек. Жооптуулар да сот алдына чыгарылышы керек»,- деди.



Тектеш кабарлар