Түркиядан Нигер менен Чадга медициналык жардам

Түркия жардамдарын улантууда.

1437836
Түркиядан Нигер менен Чадга медициналык жардам

Түркия Чад жана Нигерге дагы бир жолу жардам көрсөтүүдө.

21-майда борбор шаар Анкарада Нигер менен Түркиянын ортосунда саламаттык сактоо тармагында түзүлгөн гранттык келишимге ылайык, бул өлкөгө 50 миң хирургиялык беткап, 50 миң коргоочу  кийим, 30 миң N95 маскасы жана 2 миң коргоочу көз айнек берилет.

6-майда жана 21-майда Чад менен Түркиянын ортосунда кол коюлган саламаттык сактоо жаатындагы гранттык келишимдердин алкагында болсо бул өлкөгө 1000 Ковид-19 диагностикалык тест, 5 миң кычкылтек берүүчү маска, 50 миң коргоочу кийим, 30 миң N95 беткап, 100 миң хирургиялык маска, 5 миң кооргоочу көз айнек, 50 миң бут кийим, 50 миң кол кап, 2 тез жардам унаасы, 10 үйлөмө тез жардам чатыры берилет.

Түркиядан Нигер менен Чадга достук жана жакшы ниет катары бериле турган медициналык жабдыктар бул өлкөлөрдүн саламаттык сактоо кызматтарында колдонулат.

Чаддын саламаттык сактоо министри Махмуд Юсуф Хаял, Ковид-19 менен күрөшүүдө медициналык жабдыктардын жетишсиздигин айтып: «Бизде Түркиядан жөнөтүлгөн 25 гана дем алдыруучу аппарат бар,- деген болчу.



Тектеш кабарлар