Түркия Малидеги кол салууну айыптады

Түркия Малиге жана анын өкмөтүнө көңүл айтты.

1437484
Түркия Малидеги кол салууну айыптады

Түркия Малидеги аскердик бөлүккө жасалган жана көп сандаган аскердин өмүрүн алган террордук чабуулду катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Малинин Сегу аймагындагы Буки кыштагында 14-июнда бир аскердик бөлүккөн жасалган террордук кол салууда көптөгөн жоокерлердин набыт болушу катуу капага салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз бул канкор террордук чабуулду айыптайбыз. Каза тапкандарга Аллахтан ырайым тилеп, бир тууган Малиге жана анын өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,-делди.

14-июнда Малинин борбору Бамаконун түндүгүндө аскердик конвойго жасалган кол салуудан кийин дайынсыз жоголгон 44 жоокерден 24нүн сөөгү табылды.

Малинин Куралдуу күчтөрүнүн (FAMA) билдирүүсүндө, Мавритания чек арасына жакын Сегу аймагында аскердик конвойго болгон кол салуудан кийин жүргүзүлгөн операцияда 24 жоокердин сөөгү табылгандыгы, 8 аскердин куткарылгандыгы айтылган эле.



Тектеш кабарлар