Түрк аскери Хафтанинде

Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарына операция жүргүзгөн Түрк куралдуу күчтөрүнө Парламент төрагасы Шентоптон колдоо билдирүүсү жарыяланды.

1437666
Түрк аскери Хафтанинде

Түрк аскери Хафтанинде...

Түндүк Ирактагы террор уюктарына карай кургактык кыймылы башталды. Улуттук коргоо министрлиги абал тууралуу  «Чеңгел-Жолборс (Pençe-Kaplan) операциясы башталды. Баатыр десанттарыбыз Хафтанинде» деген маалыматты жарыялады.

Анда: «Аба күчтөрү, АТАК тик учактары, учкучсуз учуучу аппараттар жана учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар коштогон десанттарыбыз, абадан чабуул операциясы менен аймакка өтүштү»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Ирактын түндүгүндө уюмдашкан жана Түркиянын чек аралары үчүн ондогон жылдардан бери коркунуч туудурган жикчил террордук уюм ПКК түзүлүшүн бутага алган «Чеңгел-Бүркүт» (Pençe-Kartal) абадан жүргүзүлгөн операциясы мурдагы түнү башталган болчу.

Бир тараптан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, социалдык медиа барагы Твиттерден Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагына жүргүзүлгөн «Чеңгел-Жолборс» операциясы тууралуу маалымат бөлүштү.

Шентоп: «Аймагыбызда тынчтыктын түзүлүүсү үчүн өтө маанилүү болгон террор менен күрөшүүбүз чечкиндүү улантылууда. Алла таалам чек араларыбыздын сакчылары жана улутубуздун тынчтыгы үчүн күрөш жүргүзгөн баатыр аскерлерибизди колдосун»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар