Түркияда Covid-19дан айыгып чыккандар көбөйүүдө
Ооруканадан айыгып чыккан 1015 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 153 379га жогорулады.
1437301
Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшү улантылууда.
Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 17 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 4 842 деп катталды.
Ошол эле убакыттын ичинде 46 800 тест жасалып, 1467 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1015 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 153 379га жогорулады.