"Чеңгел-Бүркүт" операциясы ийгиликтүү ишке ашты

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан Ирактын түндүгүндө орун алган жана террористтер тарабынан база катары колдонулган уюктарга карай жүргүзүлгөн «Чеңгел-Бүркүт» операциясы тууралуу маалымат берилди.

1436335
"Чеңгел-Бүркүт" операциясы ийгиликтүү ишке ашты

Ирактын түндүгүндөгү террордук  уюмдун буталарына карай жүргүзүлгөн «Чеңгел-Бүркүт» (Pençe-Kartal) операциясында 81 бута жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан Ирактын түндүгүндө орун алган жана террористтер тарабынан база катары колдонулган Синжар, Карачак, Кандил, Зап, Авашин-Басян жана Хакурктагы террордук уюктарга карай жүргүзүлгөн «Чеңгел-Бүркүт» операциясы тууралуу маалымат берилди.

Жарыяда, «Чеңгел-Бүркүт операциясы менен өлкөбүздү, улутубузду жана чек ара ккүзөт коопсуздугубузду коркунучка салган террористтерге таандык баш калкалоочу жай, ок-дары сактоочу амбар жана үңкүрлөрдөн турган 81 бута атылды. Учактарыбыз коопсуз түрдө базаларына кайтып келишти»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Операцияда эң жогорку катышта атамекендик жана улуттук ок-дарылар колдонулуп террордук уюмдун аймактагы уюктарына оор сокку урулганы белгиленген билдирүүдө, «Операциянын пландоо жана актарылышында жарандык калктын жан жана мүлк коопсуздугу менен чөйрөнүн корголушу темасында эң жогорку аяр мамиле кылынды. Түрк куралдуу күчтөрү өтмүштө болгону сыяктуу бүгүн да өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн террор менен күрөшүүгө, эң акыркы террорист жок кылынганга дейре умтулу жана чечкиндүүлүк менен уланат»,делди.

«Чеңгел-Бүркүт» операциясына бүтүндөй өлкөдөгү согуштук базалардан учкан согуштук учактар менен катар Учкучсуз учуучу аппараттар, абадан эрте эскертүү-текшерүүчү учактар менен танкер учактар да катышты.

Бир тараптан, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «Чеңгел-Бүркүт» операциясына катышкан учкучтар менен рациядан сүйлөшүп операциянын ийгиликтүү бүткөрүлүшүнөн улам куттуктады.

Акар, операция тууралуу билдирүүсүндө: «Террордук уюктар жер менен жексен кылынды. Өлкөбүзгө, улутубузга, база аймактарыбызга кол салууну пландаган террордук уюктар, террористтердин үстүнө кулады»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар