Түркия НАТОнун өнөр жайчылар кеңешчилик тобунун кезектешкен төрагалыгын аткарат
Алынган маалыматка караганда сөз болгон жумушчу тобунун апрель айындагы жалпы кеңешинде чыгарылган чечимге ылайык, Түркия бир жыл бою төрагалык кылат.
![Түркия НАТОнун өнөр жайчылар кеңешчилик тобунун кезектешкен төрагалыгын аткарат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6acb/648e/50b0/5de4f59887310.jpg?time=1718828452)
Түркия, НАТОнун күнүмдүк технологиялык муктаждыктарынын белгиленишин камсыздаган астыңкы жумушчу топтору орун алган НАТОнун Өнөр жай кеңешүү тобунда (NIAG), жумушчу тобунун кезектеги төрагалык милдетин алды.
Алынган маалыматка караганда сөз болгон жумушчу тобунун апрель айындагы жалпы кеңешинде чыгарылган чечимге ылайык, Түркияны өкүлдүк кылган HAVELSANдын башкаруу,текшерүү жана коргонуу технологиялары башкы директорунун орун басарлыгына караштуу Система инженерлиги группасынын лидери Сердар Үзүмжү 1 жылдык мөөнөткө төрагалык кызматын аткарат.
NIAG SG249 жумушчу тобунун башкы жетекчиси Үзүмжү, кезектешкен төрагалыктын эң оболу Түркия жана HAVELSANдын НАТО багытында таанылышынын арттырылышына салым кошо турганын белгиледи.
Үзүмжү, Түркиянын жаңы технология тармактарынын таанылышы жана келечектин технологияларынын формаландырылышында NIAG багытында милдеттене турган төрагалык ролунун маанилүү экендигин айтты.
Ар бир НАТОго мүчө өлкөнүн коргонуу өнөр жайы фирмалары биримдигинен бирден өкүл менен орун алган жана Улуттук коргоо директорлорунун конференциясынын алкагында түзүлгөн жогорку деңгээлдеги кеңешүү органы болгон NIAG,1968-жылдан бери ишин жүргүзүп келет.
Жумушчу топ, НАТОнун курамында башкаруу, текшерүү жана коргонуу кызматташтыгы иш-аракеттеринин өнөр жай жагын өкүлдүк кылат.