Чавушоглу: «Аясофия улуттук эгемендик темабыз болуп саналат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жеке менчик телеканалдын түз эфиринде маалымат берди.

1434041
Чавушоглу: «Аясофия улуттук эгемендик темабыз болуп саналат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Аясофиянын эл аралык тема эмес, Түркиянын улуттук эгемендик темасы болгонун белгиледи.

Жеке менчик телеканалдын түз эфиринде маалымат берген Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Аясофия тууралуу отчетуна каршылык көрсөтүп, «Кескин түрдө эл аралык тема эмес, бул улуттук эгемендик темасы болуп саналат. Эч ким Түркиядагы диний эркиндиктерди талкууга салбасын»,-деди.

АКШ сыяктуу бир өлкөнүн Түркияны тескөөгө алуусунун орунсуз нерселер менен алектенүү болгонун баса белгилеген Чавушоглу: «(АКШда)расизм бар, мусулман душмандыгы, чет элдикке душмандык бар. Түркия болсо анын тескерисин кылууда. Ушундай жагдайда Аясофиянын талкууга алынышы, багындыруудан 567 жыл өткөн соң Аясофияны, ал эмес Стамбулду талкууга салуусу орунсуз иш»,-деп айтты.

1972-жылкы ЮНЕСКОнун келишиминде Аясофиянын мечит же башка түрдө колдонулуусуна байланыштуу эч нерсе жок экенин белгилеген Чавушоглу: «Бир коомубуз Мамлекеттик кеңешке кайрылды. 2-июлда Мамлекеттик кеңеш чечимин чыгарат. Бул жер биздин өз эгемендик аянтыбыз»,деген серебин салды.

Диний азчылыктардын укуктары темасында Грецияга да каршылык көрсөткөн Чавушоглу: «Диний азчылыктардын укуктары темасында бир гана бизге эмес, дүйнөгө сабак бере турган эң акыркы өлкөлөрдөн бири Греция. Европада мечити болбогон жалгыз борбор шаар Афина. Салоникте туруктуу ачык мечит жок. Батыш Фракияда түрк ачылыктары шайлаган мүфтийлер намаз окуткандыгы үчүн жаза алышты. Ал жердеги түрк азчылыгы түрк деген атты колдоно албай жатат. Грецияга бул темада үч жолу өкүм чыгарылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар