Эмине Эрдогандын Дүйнөлүк океандар күнүнө карата билдирүүсү

"#WorldOceansDay, # SıfırAtıkMavi" этикеткалары менен бөлүшкөн Эмине Эрдоган мындай деди:

1431813
Эмине Эрдогандын Дүйнөлүк океандар күнүнө карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, деңиз жана океандар дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдүн орток чек аралары экендигин айтты жана орток абийир менен иш-аракет кылууга чакырды.

Эмине Эрдоган 8-июнь Дүйнөлүк океандар күнүнө байланыштуу социалдык медиа баракчасы Твиттеринден өз билдирүүсүн бөлүштү.

"#WorldOceansDay, # SıfırAtıkMavi" этикеткалары менен бөлүшкөн Твиттерде Эмине Эрдоган мындай деди:

«Суу - бул өмүр. Океандар болсо - сансыз жандуу түрлөрүнүн уясы болуп саналат. 8-июнь Дүйнөлүк океандар күнүндө океандардын, деңиздердин жана жээктердин тазалыгы биздин дүйнө үчүн өтө маанилүү экендигин унутпайлы. Деңиз менен океан - дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн жалпы чек арасы. Андыктан жалпы абийир менен иш-аракет кылышыбыз керек. Эгерде биз таштандысыз жашоо философиясын деңиздерди дагы камтыган жашоо образына айланта алсак, анда келечекке көгүлтүр сууларды алып келе алабыз. Балдарыбыз, сууларында балыктан көп желимдер сүзүп жүргөн келечекке татыктуу эмес. Океандар жаратылыштын төккөн көз жаштары болбосун».



Тектеш кабарлар