Эрдоган экономиканын жетелөөчү дөңгөлөктөрү толук кубаттуулук менен иштей баштаганын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттик комплекстен бир топ ачылыштардын тапшыруу аземдерине түз эфир аркылуу катышты.

1430859
Эрдоган экономиканын жетелөөчү дөңгөлөктөрү толук кубаттуулук менен иштей баштаганын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, экономиканын жетелөөчү дөңгөлөктөрү толук кубаттуулук менен иштей  баштаганын айтты.

Эрдоган, Президенттик комплекстен Артвиндин «Юсуфели» суу сактагычынын 3-миллионунчу бетон төгүү аземине, Байбурттун Демирөзү сугат системасы, Ризенин Меркез жана Гүнейсу райондору менен Ташлыдере өрөөнүн калыбына келтирүү боюнча 5-бөлүмүнүн тапшыруу аземине түз эфирде катышты.

 Президент Эрдоган сөзүндө «Юсуфели» суу сактагычынын толугу менен түрк инженерлеринин чыгармасы болгонун белгилеп: «Бул чыгарма экономикабызга жылда 1 миллиард 500 миллион лиралык салым кошот»,-деди.

Жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү боюнча пландалган калыбына келүү календарын саламаттык жана өлкөнүн алдыңкы пландарынан баш тартпастан тең салмактуу түрдө кадам-кадам түрүндө ишке ашыра тургандарын, экономиканын желеөөчү дөңгөлөктөрүнүн толук кубаттуулук менен иштей баштаганын кеп кылган Эрдоган, беткап, аралык, тазалык эрежелерине ылайыктуу түрдө турмушту бардык тармакта кадимки ыргагына жеткиргендерин, ушул себептен 15 облуста аптанын акырларында ишке ашырылган көчөгө чыгууга тыюу салууну да эми токтоткондорун айтты.

Эрдоган, Түркиянын өнөр жайы, технологиясы, айыл чарбасы, соодасы, тейлөө тармагынын инфраструктарлары менен катар негизинен гуманитардык позициясы менен чоң мамлекет экендигин пандемия процессинде бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн, көрсөтүүсүн дагы уланта турганын баса белгиледи.

Бүткөрүлгөндө дамбасынын бийиктиги 275 метрге жете турган «Юсуфели» суу сактагычы бул өзгөчөлүгү менен Түркиянын эң чоңу, дүйнөнүн үчүнчү чоңу болот.



Тектеш кабарлар