Президент Эрдоган улуттук сейил бактарынын ачылуу аземине катышты

Эрдоган : «Аскерибиз акыркы бир канча күндүн ичинде Ливияда ливиялык боордоштору менен бирге күрөшүүдө максат кылынган пландарга карай бара жатат»,- деди.

1430349
Президент Эрдоган улуттук сейил бактарынын ачылуу аземине катышты

 Президент Р. Т. Эрдоган түрк аскерлеринин акыркы бир канча күндүн ичинде Ливияда ливиялык боордоштору менен биргеликте күрөштө максат кылынган планга карай бара жатканын айты.

Улуттук сейил бактарынын ачылуу аземине катышкан президент Эрдоган : «Республикабыздын 100 -  жылына кирип жатып 81 облусубузда 81 миллион метр квадрат улуттук сейил багын куруу максатыбызга жакындап жатабыз»,- деди.

Эрдоган 2023 -  жылга чейин 81 облустун баарынын улуттук сейил бактары менен камсыз кылынарын айтты.

Жаңы тип коронавирус менен  күрөштө Түркиянын көрсөткөн ийгилигине токтолгон Эрдоган : «Эпидемия мезгилинде чоң мамлекет экенибизди бүткүл дүйнөгө көрсөттүк»,- деди.

Ливияда козголоңчу Хафтерге каршы ийгиликтүү күрөш тууралу сөз кылган Эрдоган : «Аскерибиз акыркы бир канча күндүн ичинде Ливияда ливиялык боордоштору менен бирге күрөшүүдө максат кылынган пландарга карай бара жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар