Террор менен күрөшүүдө
Ички коопсуздук операцияларынын негизинде Битлис элетинде эки террорист, изделип жаткан Хасан Аташ жок кылынды.
1428591
![Террор менен күрөшүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4195/5f98/74bf/5e88302f95eb0.jpg?time=1718839342)
Ички коопсуздук операцияларынын негизинде Битлис элетинде эки террорист, Тунжелинин Оважык элетинде ТКП/МЛ террордук уюмдун мүчөсү, изделип жаткан Хасан Аташ жок кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу твиттерден берген маалыматында Битлис элетинде 3 күн мурда 3 террористтин өлүү колго түшүрүлгөнүн, уюмдун эки мүчөсүнүн да жок кылынганын белгиледи.
Сойлу аймактагы операциянын улантылып жатканын билдирди.
Бир тараптан ички иштер министрлиги Тунжелинин Оважык элетинде ТКП/МЛ террордук уюмдун мүчөсү, изделип жаткан Хасан Аташтын жок кылынганын маалымдады.
Министрликтен берилген маалыматта аймакта операциялардын улантылып жатканы билдирилди.