Калын менен О'Брайен сүйлөштү

Телефондогу сүйлөшүүдө кайсы темалар каралып чыкты?

1427615
Калын менен О'Брайен сүйлөштү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, элчи Роберт О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттиктин Басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, Ибрахим Калын менен О'Брайендин сүйлөшүүсүндө Ливиядагы жана Сириядагы учурдагы абалдардан тышкары, коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү процесси, терроризмге каршы күрөш жана АКШдагы нааразычылык акциялары талкууланды.

Ливияда БУУнун карамагында саясий чечимин камсыздалышы жана (январь айындагы) Берлин конференциясы менен бирге бардык ок атышпоо келишимдерин бузган төңкөрүшчүл Хафтердин мыйзамсыз кол салууларынын токтотулушу керектиги айтылган сүйлөшүүдө, Сирияда саясий чечимди камсыз кылуу үчүн конституциялык иштерди тездетүү жана Идлибдеги ок атышпоонун улантылышы боюнча жалпы көз караш кайталанды.

Түркиянын Ковид-19 менен күрөшүү процессиндеги тажрыйбасы бөлүшүлгөн сүйлөшүүдө, пандемияга байланыштуу медицина тармагындагы кызматташууну арттыруу жөнүндө макулдашылды.

Ошондой эле сүйлөшүүдө, америкалык жаран Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки окуялар, расизм жана вандализм темалары дагы талкууланды.



Тектеш кабарлар