Түркиядан Парагвайга жардам
Камкордукка муктаж болгон 60 балага кышкы кийим-кече жеткирилди.
Түркия Парагвайда камкордукка муктаж болгон 60 балага кышкы кийим-кече жардамын берди.
Асунсьон шаарындагы Түркиянын элчилиги тарабынан жасалган билдирүүдө, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) колдоосу менен даярдалган кышкы кийимдер камкордукка муктаж 60 балдарга жеткирилди.
Түркиянын Асунсьон элчиси Армаган Инжи Эрсой, борбор шаар Асунсьондогу коргоого муктаж балдар жашаган Немити борбору менен Асунсьонго 180 чакырым алыстыктагы Каагуазу шаарында жергиликтүү балдар үчүн курулган Пунта Пора борборуна кышкы кийим-кече жардамы көрсөтүлгөндүгүн айтты.
Эрсой Немитидеги балдарга 23-апрелде да азык-түлүк жардамы берилгендигин билдирди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.