Кабинет бүгүн чогулат

Жыйынга президент Эрдоган жетекчилик кылат.

1424914
Кабинет бүгүн чогулат

Президенттик аппараттын кабинет жыйыны президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн өткөрүлөт.

Жыйында коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүүдөгү акыркы абалга жараша мындан кийин таштала турчу кадамдар каралат. 

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа да коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу кеңири маалымат берет. 

Жыйында сунуштарга баа берилип, чектөөлөрдүн алынып же алынбай тургандыгы такталат.



Тектеш кабарлар