Чавушоглу кесиптештери менен сүйлөштү
Чавушоглу телефондогу дипломатиясын улантууда.
1423543
![Чавушоглу кесиптештери менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e8c1/58f7/1d18/58623d5739317.jpg?time=1718829107)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу көптөгөн өлкөлөрдүн саясатчылары жана кесиптештери менен Орозо айт майрамын куттуктоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Ирактын Күрт Аймактык Башкаруучулугунун премьер-министри Месрур Барзани, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана «Хамас» кыймылынын Саясий бюросунун мурдагы башчысы Халид Мешал менен сүйлөштү.