Түркия крымдык татарларга колдоосун улантат

Хами Аксой Министрликке багытталган суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

1419521
Түркия крымдык татарларга колдоосун улантат

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, өз өлкөсүнөн күч менен сүргүнгө айдалган Крым татар түрктөрү менен бир тууган Кавказ элине Түркиянын колдоосунун улана тургандыгын билдирди.

Министрликке берилген суроого жазуу жүзүндө жооп берген Хами Аксой, Крымдын түпкү эли болгон Крым татар түрктөрү 76 жыл мурун өз мекенинен күч менен алынып, адамгерчиликсиз шарттарда сүргүнгө айдалгандарын белгиледи.

Аксой 250 миң Крым татарынын көпчүлүгү сүргүн учурунда же сүргүнгө барган жерде каза болгонун баса белгилеп, Крым татарлары 1944-жылдан кийин ондогон жылдар бою өз мекени болгон Крым жарым аралына кайтып бара албагандарын айтты.

Түркия алардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү, тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашашы үчүн өздүгүн сактап, ар дайым болгондой эле бүгүнкү күндө дагы Крым татарларына болгон колдоосун уланта турганын белгилеген Аксой: «Ушул алкакта биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар