Түркия 5 өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Түркия Египет, Греция, Кипр Рум Бшакаруусу, Франция жана Бириккен Араб Эмрликтеринин биргелеше чыгарган билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

1415586
Түркия 5 өлкөнүн  биргелешкен билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Түркия Египет, Греция, Кипр Рум Бшакаруусу, Франция жана Бириккен Араб Эмрликтеринин биргелеше чыгарган билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой 5 өлкөнүн билдирүүсү тууралуу министрликке  берилген бир суроого жазуу түрүндө жооп берди. Аксой берген жазуу түрүндөгү маалыматында : « Египет,  Греция, Кипр Рум Башкаруусу, Франция жана Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлеринин бүгүн Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Ливия тууралуу жарыялаган биргелешкен билдирүүсүнүн жүргүзгөн саясаттары менен аймактык хаос жана ыраатсыздык жаратуу үчүн аракет кылган, элдердин демократия үмүтүн козголоңчу диктаторлордун кол салуусуна курмандыкка чалуудан зыян тартпаган бирок эсептери Түркия тарабынан бузулганда болбогон сөздөрдү айткан бир группа өлкөнүн эки жүздүүлүгүнүн бир үлгүсү»,- деди.

Греция жана Кипр Рум башкаруусунун  Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен диалогго кирүүнүн ордуна бул тууралуу тийешеси жок аймак тышы актерлордон үмүт кылганын бирок колониячыл бир логиканын туткуну болушу мүмкүн экенин белгилеген Аксой Түркиянын эл аралык мыйзамдын негизинде мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында таштаган кадамдардын мыйзамсыз негиздер менен бурмаланышынын эч качан кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Аксой ошол эле абалдын Египет үчүн да жарактуу экендигин, бул өлкөнүн башкаруучуларынын өз калкынын кызыкчылыктары менен мыйзамын коргоонун ордуна буларды жок кылганы байкалганына көңүлдөрдү бурду.

Аксой : «Чыгыш Жер Ортолук деңиз менен эч бир байланышы болбогон Бириккен Араб Эмирликтерин башка өлкөлөр менен бириктирген Түркиянын душмандыгынан башка эч нерсе эмес. Бул өлкөнүн бизге жана Ливияга каршы мамилеси белгилүү»,- деди.

Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Греция, Кипр Рум Башкаруусу жана Франция Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу  куралдуу кишилердин кол салууларына токтолбостон Ливиядагы тараптарды ок атышпоого чакырган.



Тектеш кабарлар