Түркия Украина менен Литвага медициналык жардам жөнөттү

Түркиянын жардамдары уланып жатат.

1413438
Түркия Украина менен Литвага медициналык жардам жөнөттү

Түркиянын пандемиядан жабыр тарткан өлкөлөргө медициналык жардамдары уланууда.

Ушул алкакта Тунис жана Украинага медициналык каражаттар жөнөтүлдү.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу боюнча Министрлигибиз тарабынан даярдалган жана Ковид-19 менен күрөшүүдө колдонула турган медициналык жардам каражаттары Туниске жөнөтүлдү» деп маалымдалды.

Улуттук Коргоо министрлигинин экинчи билдирүүсүндө болсо, Ковид-19 менен күрөшүүдө колдонулушу үчүн  президент Эрдогандын буйругу боюнча даярдалган медициналык каражаттар учак менен Украинага жөнөтүлгөндүгү белгиленди.

Бир тараптан Түркия жөнөткөн медициналык вентиляторлор Литвага жетти. Литванын тышкы иштер министри Линкевичус, Түркияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар