Түркияда COVID-19дан каза тапкандардын саны азаюуда

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан көп болгону көңүл бурууда.

1407102
Түркияда COVID-19дан каза тапкандардын саны азаюуда

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсүнөн оң натыйжалар алына баштады, каза болгондордун саны барган сайын азайууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 92 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2992ге жетти.

Ушул эле мөөнөттө 29 миң 230 кишиге тест жасалып, анын ичинен 2 миң 392 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 5 миң 18 киши менен бирге  айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 809га жеткени маалымдалды.

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан көп болгону көңүл бурууда.



Тектеш кабарлар