Эрдоган: "Дүйнөдөгү өзгөрүү өлкөбүз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ачылуусуна белги берүүдө"

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Борбордук башкаруу кеңеши, президент жана партиянын башкы жетекчиси Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

1406952
Эрдоган: "Дүйнөдөгү өзгөрүү өлкөбүз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ачылуусуна белги берүүдө"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөдөгү өзгөрүүнүн Түркиянын алдында жаңы жана чоң мүмкүнчүлүк терезелеринин ачылып жатканына белги берип турганын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Борбордук башкаруу кеңеши, президент жана партиянын башкы жетекчиси Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында видео конференция ыкмасы менен өткөн жыйналышта сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Дүйнөдөгү өзгөрүү өлкөбүздүн алдында жаңы жана чоң мүмкүнчүлүк терезелеринин ачылып жатканына белги берип турат»,-деди.

Президент пандемия чара көрүүлөрүнүн белгиленген календарга карата баскычтуу түрдө жоюлганда Түркияда өндүрүш иштеринин кайрадан толук кандуу иштей баштай турганын да белгиледи.

Бул мезгилде чара көрүүлөргө баш ийген атуулдарга ырахмат айткан Эрдоган: «Алдыбыздагы мезгилде эң чоң күчүбүз болгон улутубуздун көңүлүндөгү айырмаланган ордубузду дагы күчтөндүрүүнүн аракетинде болобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар