Фуат Октай коомдук биримдикке басым жасады

Президенттин орун басары Фуат Октайдын билдирүүсү.

1406008
Фуат Октай коомдук биримдикке басым жасады

Президенттин орун басары Фуат Октай, социалдык медиадан жарыялаган билдирүүсүндө коомдук биримдикке көңүл бурду.

Фуат Октай социалдык медиа баракчасынан «биргеликте ийгиликке жетишебиз» этикеткасы менен жарыялаган бөлүшүүдө: «Чогуу бир дасторкондо отура турган, барыбыз бирге жылмайып кучакташа турган күндөр жакындап калды. Биз ушул убакка чейин биргеликте ийгиликке жетиштик мындан кийин дагы биргеликте ийгиликке жетишебиз»,- деди.

Октайдын буга чейин өлкөнүн ар кайсы жеринде жарандар менен чогуу түшкөн фотосүрөттөрүнө да орун берилген бөлүшүүдө: «Биргеликте Түркия болобуз, биргеликте келечекке умтулабыз, биргеликте ийгиликке жетишебиз»,-делди.



Тектеш кабарлар