Яшар Гүлер : "Чек ара тышындагы операциялар менен террордук уюмга оор сокку урдук"

Гүлер түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги,  өлкө ичи жана өлкө тышындагы биримдик командирлери менен кечээ видеоконференция жыйынын өткөрдү.

2153613
Яшар Гүлер : "Чек ара тышындагы операциялар менен террордук уюмга оор сокку урдук"

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер : «Чек ара тышында аткарылган ийгиликтүү операциялар менен террордук уюмга сокку урдук жана уюмдун кыймылын жок кылуу чегине алып келдик»,- деди.

Гүлер түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги,  өлкө ичи жана өлкө тышындагы биримдик командирлери менен кечээ видеоконференция жыйынын өткөрдү.

Өзгөчө Ирактын түндүгүнүн көптөгөн жылдардан бери ПКК/КЖК террордук уюму жана колдоочулары тарабынан Түркияга карата кыймылдарында колдонулгандыгын, бул жердин «террордун булагы» экендигин айткан Гүлер : «Бирок акыркы жылдарда белгиленген концепциянын өзгөрүшү менен «террорду булагынан жок кылуу» түшүнүгүн ишке ашыруудабыз. Чек ара тышында аткарган ийгиликтүү операциялар менен террордук уюмга оор сокк урдук жана уюмдун кыймыл жөндөмдүүлүгүн жок кылуу чегине алып келдик. Мында эң чоң үлүш шейиттерибиз жана ардагерлерибиз менен бирдикте баатыр мехметчиктерибизге таандык»,- деди.

Гүлер террорду  өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгарууну максат кылгандарын, акыркы мезгилде Ирак менен кызматташунун негизинде террор менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгү жана ылдамдыгы дагы да арта турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар