Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан аша баштаганы көңүл бурууда.

1405576
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсүнөн оң натыйжалар алына баштады, каза болгондордун саны барган сайын азайууда.

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 2805ке  жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 99 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2805ке жогорулады.

Ушул эле мөөнөттө 30 миң 177 кишиге тест жасалып, анын ичинен 2 миң 357 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 3558 киши менен бирге  айыгып чыккандардын жалпы саны 29 миң 140ка жеткени маалымдалды.

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан аша баштаганы көңүл бурууда.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар