Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

Эрдоган ар кайсы өлкөлөрдүн лидерлери менен ар кыл темаларда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүүдө.

1403752
Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө жаңы типтеги коронавирус (Сovid-19) пандемиясына каршы күрөшүүдө кызматташтык, эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык абалдар каралды.

Президент Эрдогандын башка бир телефондогу сүйлөшүүсү Экватордук Гвинеянын президенти Теодоро Обианг Нгуема Мбасого менен болду.

Бул сүйлөшүүдө да эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Ковид-19 менен күрөшүүдө кызматташтык каралды.

Эрдоган, бирдей эле темаларды камтыган дагы бир сүйлөшүүсүн Сомалинин президенти Мухаммед Абдулла Фармако менен ишке ашырды.



Тектеш кабарлар