940 метрдик поезд Орто Азияга карай жолго чыкты

Измир, Адана, Мерсин, Кожаели жана Күтахияда экспорт үчүн өндүрүлгөн материалдарды ташыган поезд 82 контейнерден турат.

1400607
940 метрдик поезд Орто Азияга карай  жолго чыкты

 Түркияда экспорт үчүн өндүрүлгөн материалдарды Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга алып бара туган 82 контейнерден турган 940 метрдик поезд Карстан Грузияга карай жолго чыкты.

Измир, Адана, Мерсин, Кожаели жана Күтахияда экспорт үчүн өндүрүлгөн материалдарды ташыган поезд 82 контейнерден турат.

940 метр узундуктагы поезд Баку  - Тбилиси  -  Карс жолунда ушул кезге чейин иштетилген эң узун поезд болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Карстан жолго чыккан поезд биринчи аялдамасы Грузияга карай жолго чыкты. Жол боюнча башка өлкөлөргө да жүктөрүн тарката турган поезд 9 күндөн кийин Өзбекстанга барат. 9 күндүн ичинде бардык жүктөрдү жеткирген болот.



Тектеш кабарлар