Түркия чет өлкөдөгү жарандарын алып келди

Чет өлкөдөн алып келинген жарандар 14 күн карантинге алынат.

1399918
Түркия чет өлкөдөгү жарандарын алып келди

Жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында 262 түрк жараны, Англиянын борбор шаары Лондондон учак менен Анкарадагы Эсенбоган аэропортуна алып келинди.

Түрк жарандары медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин автобустар менен Чанкырыга алып барылып ал жердеги жатаканага жайгаштырылды.

142 түрк жараны да Украинадан учкан Түрк аба жолдоруна таандык учак менен Трабзон аэропортуна алып келинди.

Жарандар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин Ризедеги жатаканага жайгаштырылды.

Иракта жумушчу катары иштеген, арасында инженерлер дагы болгон 271 киши болсо Түрк аба жолдоруна таандык учак менен Кайсериге алып келинди.

Чет өлкөдөн алып келинген жарандар 14 күн карантинге алынат.



Тектеш кабарлар