Түркия Израиль менен Палестинага бир убакта медициналык жардам жөнөтөт

Бүгүнкү күндө медициналык каражаттар даярдалып жатканын белгилеген Калын, Израиль менен бир убакта Палестинага дагы медициналык каражат жөнөтө тургандарын айтты.

1396366
Түркия Израиль менен Палестинага бир убакта медициналык жардам жөнөтөт

Түркия, Израиль менен бир убакта Палестинага медициналык каражат жөнөтөт.

Бул тема тууралуу жеке менчик телеканалда маалымат берген Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Израилдин жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) дарылоосунда колдонуусу үчүн Түркиядан мындан мурда медициналык каражат сураганын жарыялады.

Бүгүнкү күндө медициналык каражаттар даярдалып жатканын белгилеген Калын, Израиль менен бир убакта Палестинага дагы медициналык каражат жөнөтө тургандарын айтты.

17 жылдан бери саламаттык сактоо тармагында чоң секирик жасагандарын айткан Ибрахим Калын: «Өнөр жай өндүрүшүндө бир топ фирмабыз бет кап, комбенезон, медициналык каражат өндүрүүгө багытталышты. Саламаттык сактоо инфраструктурабыздын ушунчалык күчтүү болушу, бул пандемияга чындыгында биздин 15-16 жылдан бери даярданып жатканыбызды көрсөтүп турат»,-деди.

Калын, Түркияда көп жылдардан бери оорукана, шаардык ооруканалар, медициналык каражаттар инфраструктурасына инвестиция салынганы үчүн пандемияга даярдыктуу болгондуктарын белгиледи.



Тектеш кабарлар