Тышкы иштер министри 11 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Франциянын борбору Париждеги Нотр-Дам Халде чиркөөсүнүн пастору Думандга телефон чалып көңүл айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Франциянын борбору Париждеги Нотр-Дам Халде чиркөөсүнүн пастору Думандга телефон чалып, Халде жамаатында коронавирустан каза болгондор үчүн көңүл айтты. Мишель Думанд Чавушоглу менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүү тууралуу маалымат берди. Думанд : «Вирустан жамаатыбызда 16 – 17 киши каза тапты. Тышкы иштер министри катары Чавушоглу Түркиянын атынан көңүл айтканы үчүн ыракмат айтамын. Чавушоглу бардык халде жамаатына жана каза болгондордун жакындарына көңүл айтты»,- деди.
Тышкы иштер министри Чавушоглу бир тараптан 11 өлкөдөгү кесиптеши менен Ковид - 19 менен күрөшүү боюнча видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Чавушоглу сүйлөшүүдөн кийин твиттерден маалымат берип Канада, Германия, Австралия, Британия, Бразилия, Индонезия, Марокко, Франция, Түштүк Африка, Перу жана Сингапурдан кесиптештери менен 4 - телеконференция өткөргөндүгүн белгиледи.
«Ковид - 19 менен таасирдүү түрдө күрөшүү үчүн медициналык материалдарды сатып алуу жана жиберүү темаларын карап чыктык»,- деди Чавушоглу.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык Чавушоглу өзгөчө Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча жооптуу комиссары Оливер Вархели менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да эпидемия менен күрөшүү темасын карап чыкты.