Россия Сириянын Камышлы районундагы аскерлерин күчтөндүрүүдө

Россиянын Сириянын түндүк  - чыгышында аскердик күчүн арттыруу аракети улантылууда.

1393808
Россия Сириянын Камышлы районундагы аскерлерин күчтөндүрүүдө

Түркиянын Евфраттын чыгышында жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясынан кийин Россиянын Сириянын түндүк  - чыгышында аскердик күчүн арттыруу аракети улантылууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Россияга таандык 50гө жакын унаа конвоюу кечээ Ракканын Айн Иса аймагынан чыгып, «Тынчтык булагы» аймагынын түштүк  - чыгышына коңшу Тель Темыр аймагына барып, Камышлы районунунун борборуна карай багыт алды.

Зооттуу жана аскердик кызматкерлерди ташыган унаалар менен танкалардан турган конвой райондун борборунун түштүк  - батышындагы Камышлы аэропортундагы орус аскердик пунктка жайгашты.

«Тынчтык булагы» операциясынан кийин Камышлы аэропортундагы пунктун курама үйлөр менен кеңейткен Россия кечээки кошумча күчтөрүнөн мурда бул жерде эң аз 200 аскер, ондогон зооттуу унаа жана танка менен 6 аскердик тик учар жайгаштырган. Аскердик пунктта кызмат кылган жогорку мартабалуу орус командирлер болсо аймакта  конфискациялаган виллаларда жашап жатышат.

Хасеке облусуна караштуу Камышлы районуна кошумча күч жиберген Россиянын райондун чыгышында АКШ күчтөрү жайгашкан Рүмейлан нефть аянтына карата кысымды күчөтүүсү күтүлүүдө.

Түркиянын ЙПГ/ПКК террордук уюмга каршы 2019 -  жылы 9 -  октябрда «Тынчтык булагы» операциясын башташы менен АКШ аскерлери Сириянын түндүгүндө бошоткон кээ бир базаларга орус күчтөрү жайгашты.

Россия ал күндөн бери Евфрат дарыясынын чыгышында ЙПГ/ПКК басып алган аймактарда база санын көбөйтүүдө.

 



Тектеш кабарлар