Түрк аба жолдору тышкы каттамдарын 1 - майга чейин токтотту

Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши : "Ички каттамда 14 чоң шаарга карата чектүү каттамдарыбыз улантылат»,- деди.

1389862
Түрк аба жолдору тышкы каттамдарын 1 -  майга чейин токтотту

 Түрк аба жолдору бардык өлкө тышы каттамдарын 1 -  майга чейин токтоткондугун билдирди.

Түрк аба жолдорунун интертен сайтынан берилген маалыматта жаңы тип коронавирустан  каттамдарда өзгөрүүлөрдүн болгондугу белгиленди. Маалыматта бардык өлкө тышына карата каттамдардын  1 -  майга чейин токтотулгандыгы билдирилип : «Ички каттамдарда бир гана Адана, Анкара, Анталия, Диярбакыр, Эрзурум, Газиантеп, Стамбул, Измир, Кайсери, Кония, Малатия,  Самсун, Трабзон жана Ванга чектүү түрдө каттамдар аткарылып башка бардык ички каттамдарыбыз 1 -  майга чейин токтотулду»,- деп билдирилди.

Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши да твиттерден : «Коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде андан мурда 17 -  апрелге чейин токтотулган өлкө тышы жана өлкө ичиндеги каттамдарыбыз жаңы чыккан чечим боюнча 1 -  майга чейин токтотулду. Ички каттамда 14 чоң шаарга карата чектүү каттамдарыбыз улантылат»,- деди.



Тектеш кабарлар